Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:15

Бишкекте дагы он адам тамактан ууланды


Бишкектеги “Дордой” базарынын аймагындагы “Мадина+” ашканасында тамактан 10 адам ууланып, бейтапканага түштү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борборунун кеңешчиси Шабдан Рыскулов билдирди.

Анын айтымында, 14-сентябрь күнү аталган ашканадан тамактанган он адам ден соолугу начарлап, дарыгерлерге кайрылган. Текшерүү жыйынтыктары алардын ууланганын ырастап, ошол эле күнү Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасына жаткырылган. Учурда баары дарыланууда. Абалдары коркунучтуу эмес. Жабырлангандардын бирөө жаш бала.

“Мадина+” ашканасы жабылып, жетекчилигине эскертүү берилди. Андан сырткары, ошол аймакта дагы 29 коомдук тамактануучу жайдын ишмердүүлүгү токтотулду. Алардын бешөө иштетүүгө мүмкүн эмес деп табылган. Калган 24ү санитардык талаптарды аткаргандан соң пайдаланууга берилет.

7-сентябрь күнү борбордогу «Енисей» кафесинде да 100дөн ашык адам ууланып, 68и ооруканага түшкөн болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG