Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:03

Ооганстан: аял полициячыны атып өлтүрүштү


Түштүк Ооганстанда белгисиз кылмышкерлердинин атылган огунан чоң кызматты ээлеген аял полициячы көз жумду. Бул тууралуу Хелманд провинциясынын басма сөз катчысы Омар Завак жана полициянын басма сөз катчысы Фарид Ахмад Обаиди кабарлашты.

Полиция офицери Нигярды жекшемби күнү, Лашкар Гах шаарынын полиция бөлүмүнүн жанынан мотоцикл минген кылмышкер аткан. Тергөөчү болуп жети жыл иштеген Нигяр айымдын өмүрү дүйшөмбү күнү таңга жуук ооруканада үзүлгөн. Ал Хелманд провинциясындагы эң жогорку кызматты ээлеген айымдардын бири болчу. (BAz)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG