Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:12

Билл Гейтс АКШнын эң бай адамы бойдон калууда


“Форбс” журналынын эсеби боюнча Microsoft корпорациясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс АКШнын эң бай адамы бойдон калууда. Журнал Кошмо Штаттардын 400 бай адамынын тизмесин дүйшөмбү күнү жарыялады. Ага ылайык, Гейтстин байлыгы 72 миллиард долларды түзгөн. Экинчи орунду Berkshire Hathaway компаниясынын башчысы, белгилүү инвестор Уоррен Баффет 58 миллиард доллар байлыгы менен ээледи. Oracle компаниясынын негиздөөчүсү Лэрри Эллисон АКШнын үчүнчү байы аталып, 41 миллиард доллар байлыкка ээлик кылаары белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG