Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:38

Пенсия он пайызга жогорулайт


1-октябрдан тарта жаш курагы боюнча төлөнчү пенсия 10 пайызга жогорулап, ар бир жаранга 400 сомдон кошулат. Пенсиянын орточо өлчөмү 4 554 сом болот. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитетинде Социалдык фонддун төрагасы Мухамедкалый Абулгазиев билдирди.

Парламенттин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, Соцфонд төрагасы Союз учурунда чоң айлык алып иштеген 51 200 адамдын пенсиясына 840 сомдон кошуларын билдирген.

Учурда Кыргызстанда 579 миң пенсионер бар. Өткөн жылы алардын орточо пенсия өлчөмү 4 192 сомду түзгөн. Пенсия өлчөмүн 10 пайызга көтөрүү үчүн болжол менен кошумча 807 млн. сом талап кылынат. (SE)

XS
SM
MD
LG