Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:43

АКШнын деңиз базасында ок аткан жигит жин оорусунан дарыланган


Он эки адамды мерт кылган Арон Алексис психикалык проблемаларынан улам дарыланып жүргөнүн тергөөчүлөргө анын туугандары билдиришкен.

АКШнын аскер-деңиз күчтөрүнүн мурдагы резервисти Вашингтондогу командалык борборго куралчан келип, он эки адамды кечээ эртең менен атып салган. Буга анын колунда имаратка кирүү картасынын бар болгону мүмкүнчүлүк бергендей.

Арон Алексис кийин полиция менен атышууда мерт болгон. Тергөөчүлөр учурда кылмышка түрткү берген жагдайларды иликтөөдө.

АКШнын коргоо министри Чак Хагел каза тапкандардын элесине арнап, бүгүн АКШнын Вашингтондогу аскер-деңиз флотунун мемориалына гүлчамбарларды койду. (UE)

XS
SM
MD
LG