Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:11

“Бир дүйнө - Кыргызстан" фестивалы башталат


Бүгүн Бишкекте «Бир дүйнө - Кыргызстан» адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык фестивалы башталат. Бул тууралуу “Бир дүйнө- Кыргызстан” укук коргоо кыймылынан кабарлашты.

Фестивалда адам укуктарына арналган 34 даректүү тасма сунушталат, анын 15сы Кыргызстандын киночуларына таандык. Алардын арасында “Азаттыктын” кабарчылары Элиза Кененбаева жана Жанарбек Жолдошбаев тарткан “Мен баратам Корейге” аттуу тасмасы да бар. Быйыл жетинчи жолу уюштурулуп жаткан иш-чара 4-октябрга чейин Кыргызстанда, андан ары Тажикстанда уланат. Анда адам укуктары, миграция, балдар көйгөйлөрү жана башка темаларды камтыган кинолор тартууланат. Каалоочулар келип акысыз күбө боло алышат.

Быйылкы фестивалга АКШ, Белгия, Түштүк Корея, Британия, Канада, Зимбабве, Швеция баштаган дүйнөнүн 14 мамлекетинен тасмалар сунушталууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG