Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

Мыйзамсыз жер берүүгө каршы топ кайрылуу жасады


Бишкектеги мыйзамсыз жер берүүлөргө каршы бүгүн нааразылык акциясына чыккандар бийликке кайрылуу жолдоду. Алар Бишкек шаардык архитектурасында жана мэриянын жер бөлүшүтүрүү тармагында иштеген жооптуу адистерди кызматтан кетирүүнү, шаар бийлигинен мыйзамсыз жер берүүнү токтотууну талап кылышты.

Уюштуруучулардын бири, жарандык активист Калича Умуралиеванын айтымында, акыркы учурда Бишкекте бак-дарактар кыйылып, балдар аянтчалары үчүн берилген жерлер мыйзамсыз сатылып, коопсуздук эрежелерине жооп бербеген көп кабаттуу үйлөр курулуп жатат.

Бишкек мэриясынын жанында өткөн нааразылык акциясына 30дай адам катышты. (SE)

XS
SM
MD
LG