Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:38

АКШ: Эл аралык космос станциясына жүк тарткан кеме учурулду


Аны станцияга Orbital Sciences Corporation деп аталган жеке менчик компаниянын ракетасы жандап чыгарууда жана ал адам тарабынан башкарылбайт. “Антарес” ракетасы АКШнын космос агенттиги – НАСАнын Уоллопс аралындагы космодромунан бүгүн Бишкек убактысы боюнча 20:58де учурулду. Ал жүк салынган “Cygnus” же “Ак куу” кемесин станцияга жеткирет.

Orbital Sciences Corporation АКШнын космоско жүк жеткирип жаткан экинчи жеке менчик компаниясы болуп калды. Буга чейин Калифорниядагы Space Exploration Technologies же SpaceX компаниясы “Dragon" же “Ажыдаар” деп аталган кемеси менен үч ирет жүк алып барган. “Cygnus” кемеси менен космос станциясын 700 килограмм жүк жеткирилет. Бирок “Dragon" кемесинен айрымаланып ал Жерге кайта албайт. Миссиясы аяктагандан кийин Жерге кайтуу учурунда жок кылынат. (UE)

XS
SM
MD
LG