Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:28

Чек арачылар аткезчиликке шектүү жаранды кармады


Баткендеги "Айдаркен" чек ара отрядына жакын жерде 4 тонна тоок этин алып бараткан кыргыз жараны кармалды.

Мамлекеттик Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Сажира Чоколоева «Азаттыкка» билдиргендей, уруксат кагазы жок бул жүктүн жалпы суммасы 500 миң сомго барабар. Аткезчиликке шектелген жаранды "Айдаркен" чек ара отряды менен Баткен облустук бажы кызматынын кызматкерлери 18-сентябрда колго түшүргөн.

Кармалган жаран Кызыл-Бел айылынан Ошко алып келатканын айткан. Териштирүү амалдары уланууда. (SE)

XS
SM
MD
LG