Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

Парламентте Кумтөр боюнча макулдашуу талкууланат


Бүгүн Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” жана “Республика” фракцияларынын депутаттары кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясынын ортосундагы Кумтөр меморандумун талкуулайт.

Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Жыйында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөт мүчөлөрү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берет.

Кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” Кумтөр кенин бергелешип иштетүү боюнча меморандумду өткөн аптада сунуштаган. Ага ылайык, эки тарап 50 пайыздык үлүшкө ээ болгон биргелешкен ишкана түзүп, ага Кыргызстан жетекчилик кылмакчы. Бирок айрым саясий топтор бул келишимди сынга алып, Кыргызстандын мындан да көп үлүшкө ээ болушу керектигин билдиришүүдө. Мындай позицияны “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев колдогон. (BkA)

XS
SM
MD
LG