Кош жарылуу бүгүн Самара деген шаардагы мечитте жума намаздын учурунда болгон. Жергиликтүү бийликтер жана дарыгерлер кабарлашкандай, андан кеминде 15 кишинин өмүрү кыйылып, дагы 15 чактысы жаракат алышты.
Самара борбор Багададдан 95 чакырымдай түндүк тарапта жайгашкан шаар. Ал жердеги Мусаб бин Омаир мечити шийиттердин ыйык жайы катары саналат.
Согушкерлер быйыл сунниттердин да, шийитттердин да мечиттеринде бир катар жардырууларды жасашты. Мындан улам өлкө 2006-2007-жылдары күчөгөн диний негиздеги араздашууга кайра кайттыбы деген кооптонуулар жаралган.
2006-жылы февралда Самарада шийиттердин ыйык жайынын жардырылышы кыянатчылыктардын толкунун жараткан эле. (UE)