Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:36

“Бир дүйнө – Кыргызстан” фестивалын үзгүлтүккө учуратуу аракети кайталанды


Кабарчыбыздын маалыматы боюнча, ушул тапта “Фридом Хаус” уюму тарткан “Азимжан Аскаров” деп аталган даректүү тасма көрсөтүлүп жатат. Бирок ошол эле учурда кинозалында өзүн “Мээр жазы” деп аталган бейөкмөт уюмунан деп тааныштырган аялдар жана “Кыргызстан патриоттору” кыймылынан деп тааныштырган адамдар тасманын көрсөтүлүүсүнө каршылыгын билдирип жатышат. Милиция сахнага чыгып алгандарды алып түшүү менен алек. Фестивалдын уюштуруучулары милициянын чечкиндүү аракет кылбай жатканына нааразылыгын билдиришүүдө.

“Азимжан Аскаров” даректүү тасмасын "Фридом Хаус" уюму тарткан.

Укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылы Базар-Коргон районунда улуттар аралык чатакты козутуп, милициянын капитаны Мыктыбек Сулаймановду өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган. Укук коргоочу өзүнө тагылган айыптар менен макул эместигин билдирип келет.

"Бир дүйнө - Кыргызстан" адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык фестивалы Бишкектеги "Манас" кинотеатрынын имаратында өтүп жатат. Ал 18-сентябрда башталган. (UE/ZKo)

XS
SM
MD
LG