Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:22

Күртстанда бюллетендерди санашууда


Ирактын автономиялуу Күртстан чөлкөмүндө регионалдык шайлоонун жыйынтыктарын чыгарышууда. Расмий маалыматтарга ылайык, добуш берүүчүлөрдүн 74 проценти өнөктүккө катышты, шайлоо чоң мыйзам бузууларсыз өттү. Борбор шаар Ибрилде участоктор жабылгандан кийин бир кишини атып кетишти. Бирок Улуттар уюму шайлоонун салыштырмалуу тынч өткөнүн кубаттады. Акыркы шайлоо чөлкөмдө 2009-жылы болгон. Президент Масуд Барзанинин Күртстан демократиялык партиясы жаңы парламентте бир топ мандаттарга ээ болот деп күтүлүүдө. Бирок көпчүлүктү түзүүгө жетиштүү болчудай эмес. Өз коопсуздук күчтөрү бар чөлкөм бир катар маселелерде Багдаддан көз каранды эмес. Күрттөр борбордук жетекчилик менен мундайдан түшкөн киреше, Киркук шаарынын айланасындагы аймак боюнча талашып келатышат.

XS
SM
MD
LG