Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:12

Бишкектин башкы архитектору иштен убактылуу четтетилди


Бишкек шаарынын башкы архитектору Алмазбек Абдыкаров ишинен убактылуу четтетилди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык агенттигинен кабарлашты. Мындай чечим шаар мэриясынан түшкөн билдирүүгө байланыштуу кабыл алынганын агенттиктин маалымат катчысы Азиза Масимова билдирди. Абдыкаров боюнча мэрия тараптан айтылган айыптоолорду териштирген комиссия 30-сентябрда жыйынтыгын айтат. Ага чейин ал ишинен убактылуу четтетилди.

Бишкек мэри Иса Өмүркулов Абдыкаровду жерди туура эмес бөлүштүрүп, курулуш иштерине уруксат берген деп күнөөлөп жатат. Ал эми там салып жаткандар мыйзам бузбаганын айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG