Сүйлөшүүлөр үстүбүздөгү жылдын октябрь, ноябрь, декабрь айларына газ сатып алуу боюнча жүргүзүлмөкчү. “Кыргызгаз” ишканасынын басма сөз кызматы маалымдагандай, казак тарап менен келишим 1-октябрга чейин гана түзүлгөн. Ал эми “УзТрансГаз” менен жаңы жылга чейин келишим түзүлгөн. Маалыматка ылайык, коңшулар көгүлтүр оттун акысын алдын ала төлөөнү талап кылышат.
“Кыргызгаз” ачык акционердик коому 26-июлдагы Кыргызстан менен Орусиянын газ тармагында кызматташуу келишимине ылайык, Орусияга өткөн.(ZKo)
“Кыргызгаз” ачык акционердик коому 26-июлдагы Кыргызстан менен Орусиянын газ тармагында кызматташуу келишимине ылайык, Орусияга өткөн.(ZKo)