Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Пакистанда жер титирөөдөн 230дөн көп киши мерт кетти


Пакистанда жер титирөөдөн аман калгандарды куткаруу иштерине армия тартылды. Балучистан чөлкөмүндөгү Аваран районунда күчү 7,7 баллга жеткен зилзаладан 230дан ашуун киши мерт кетти. Бир топ турак жайлар, жолдор кыйрап, айылдар менен байланыш үзүлүп калды.

Жер титирөө очоктон 250 километр алыс жайгашкан Карачиде да сезилди. Күбөлөр силкинүү кубаттуу болгонун, жер жылганда Гвадар портунун жанында чакан арал пайда болгонун айтып беришти.

XS
SM
MD
LG