Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:39

Ооганстанда талиптердин командири окко учту


Ооганстандын Кундуз вилайетинде аба соккусунан талиптердин таасирдүү адамдарынын бири набыт болду.

Жергиликтүү полициянын башчысы Халил Андараби биздин радиого билдиргендей, Мулави Ахмад Шах коалиция жана Ооган күчтөрүнүн биргелешкен операциясы учурунда жок кылынды. Аны менен кошо эки жан сакчысы окко учту. Мулави райондордун биринде “көмүскө” аким болчу.

Талиптердин өкүлдөрү же НАТО командачылыгы кабарга комментарий беришкен жок. Акыркы 24 саатта өлкөнүн чар тарабындагы кармаштарда 11 талип согушкери мерт кетти. Бул тууралуу Ооганстандын Ички иштер министрлиги маалымдады.

XS
SM
MD
LG