Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:49

“Кыргызтелекомдун” телерадио станциясын чек арачылар кайтарууда


Бул - Аксы, Ала-Бука райондорунун элине теле-радио тартып берүүчү станция турган аймакка жакын Өзбекстан өзүнүн чек ара бекетин орнотконуна байланыштуу көрүлгөн чара деп билдирди КР вице-премьер-министри Токон Мамытов “Азаттыкка”:

- Бул боюнча КР Чек ара кызматынын колбашчысы Өзбекстандын чек ара кызматынын жетекчиси менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Ошол эле учурда өкмөттүк деңгээлде дипломатиялык сүйлөшүүлөр да жүрүп жатат.

Токон Мамытов кыргыз-өзбек чек арасындагы такталбаган талаштуу жерлер боюнча атайын түзүлгөн комиссия иштеп жатканын билдирип, "Кыргызтелеком" ишканасынын станциясы жайгашкан аймак Кыргызстанга таандык экенин кошумчалады.

22-cентябрда Аксы районундагы Улар-Тоо деген жерге жайгашкан Кыргызтелекомдун телерадио тартып берүүчү станциясына Өзбекстандан он беш чакты киши учак менен келип, анда иштеген кишилердин санын, иш тартибин сурап кетишкен. Кийинчерээк ал жерге Өзбекстандын чек ара бекети орнотулган. Аларга Кыргызстандык чек арачылар барып, антенна турган аймак такталбаган, талаштуу жер экенин айтып эскерткен соң гана алар ары жылып кетишкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG