Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:46

Пакистандагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 350гө жетти


Пакистандын түштүк-батышындагы зилзаладан мерт кеткендердин саны 350гө жетти. 500дөн ашуун адам жараат алды. Куткаруучулар зилзаладан жабыркаган эң алыскы райондорго жетүүгө аракеттенишүүдө.

Пакистандын түштүк-чыгышындагы Белужистан провинциясында 24-сентябрда күчү Рихтер таякчасы боюнча 7,7 баллды түзгөн жер титирөө катталган. Жүздөгөн үйлөр кыйрап, жолдор буулду. Жалпысынан жер титирөөдөн 300 миң адам жабыр тартты. (AiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG