Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:31

Иштамберди кенин иштетүү талабы коюлду


Бүгүн Ала-Бука районунда Иштамберди кенин иштетүү үчүн "Фулл Голд Майнинг" компаниясына уруксат берүүнү суранып 90го жакын тургун жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аталган компаниянын өкүлү Максат Кочкорбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, былтыр күздө кыргыз өкмөтү коопсуздук эрежелерин сактабайт деген жүйө менен Иштамберди алтын кенин казып жаткан “Фулл Голд Майнинг” компаниясынын иштешине тыюу салган. Андан берки бир жыл аралыганда компания кемчиликтерди жойгонуна карабастан уруксат берилбей жатканына анда иштеген жергиликтүү тургундар нааразы болуп, кенди эртерээк ишке киргизүүнү суранууда.

Өкмөт алдындагы Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевдин айтымында, кемчиликтерди жойгону үчүн “Фулл Голд Майнинг” компаниясына кендеги ишти кайра улантууга уруксат берилген. Учурда Экономика министрлиги менен макулдашуу калды. Зилалиев уруксат маселесин эртелеп чечип берүү боюнча өкмөткө кайрылганын, маселе жакынкы күндөрү каралаарын кошумчалады.

Ала-Бука районундагы Иштамберди кенинде 40 тоннага жакын алтындын кору бар деп эсептелген.(BkA)

XS
SM
MD
LG