Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:57

“Ыйык көлдүн тазалыгы” аттуу акция башталат


Ысык-Көлдө 1-октябрдан тарта “Ыйык көлдүн тазалыгы” аттуу акция башталат. Анын алкагында көлдүн жээги таштандылардан тазаланат. Бир ай бою уланчу акция облустун бардык аймактарында жүргүзүлөт, ага жергиликтүү жашоочулар тартылат.

Бул тууралуу Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан маалымдашты. Ишембиликтердин жүрүшүнө жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлери жооптуу болот. (SE\МК)

XS
SM
MD
LG