Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:58

Орусиялык дипломаттар камактагы ишкер менен жолукту


Орусиялык дипломаттар Беларустун борбору Минскте үй камагындагы “Уралкалий” ишканасынын баш директору Владислав Баумгертнер менен жолукту.

Орусиянын Минсктеги консулу Игорь Карягин Баумгертнердин абалы жакшы экенин журналисттерге кабарлады. Анын айтымында, жакынкы аралыкта ал үй камагына бошотулушу мүмкүн. "Уралкалийдин" баш директору Владислав Баумгертнер өткөн айда кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланган деген кине менен Минскте кармалган. Ал жетектеген "Уралкалий" ушул жайда "Беларуськалий" менен биргелешкен компаниядан чыгып кеткенден кийин бул компаниянын акциялары кескин арзандап, беларус экономикасы чыгымга учураган. Баумгертнердин кармалышы Орусия менен Беларустун ортосундагы мамилени солгундаткан.

XS
SM
MD
LG