Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:55

Чек арадагы чатак боюнча териштирүү жүрүүдө


Кыргыз-казак чек арасында катталган чыр боюнча териштирүү жүрүп жатат. Окуянын качан болгону иликтенүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Сажира Чоколоева билдирди.

Бүгүн Казакстандын маалымат булактары Кордай чек ара отрядындагы “Сортобе” чек ара бекетине жакын жерде чыр болгонун жазган. Маалыматка ылайык, Кыргызстандан барган атчан жана мамлекеттик номуру жок Мицубиси Паджеро унаасындагы кишилер менен казак чек арачыларынын ортосунда чыр чыккан.

Кыргызстан тараптан ондон ашуун жылкы айдап барган адамдар аскерлердин токтотконуна кулак салбаганы айтылат. Чек арачылар тарабынан асманга 7 жолу ок атылгандан соң алар Кыргызстан тарапка качып кеткен. Алар айдап барган 16 жылкынын 15и казак чек арачылары тарабынан Кордай райондук каржы полициясына тапшырылган. Окуя “Сортобе” чек ара бекетинен 7 чакырым алыстыкта орун алганы айтылат.

Чүй облустук милициясы да бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди.(SE)

XS
SM
MD
LG