Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:00

Бүгүн Уильям Боингдин туулган күнү


1-октябрь - дүйнөлүк авиацияга зор салым кошкон америкалык инженер Уильям Боингдин туулган күнү. Ал машине куруу менен атагы чыккан Мичиган штатындагы Детройт шаарында 1881-жылы төрөлгөн. Йель университетин аяктаган соң ал атасы менен жыгач сатып иштейт. Лос-Анжелестеги авиаторлордун чогулушуна 1908-жылы катышкандан кийин ал аэроплан курууга баш-оту менен кирип кеткен.

Боинг досу Конрад Уэстервельд экөө B&W сууга конуучу жөнөкөй учакты үйүнүн жанында кураштырышат. Ал гидропланды алгач ирет учуруучу пилот кечигип, жаш Уильям Боингдин чыдамы кетип, учакты өзү асманга көтөрөт.

Америкалык конструктор 1916-жылдын 15-июлунда азыркы күнгө чейин атактуу “Боинг” компаниясын түптөгөн. Компания 12 жүргүнчүгө ылайык алгачкы учакты 1929-жылы учурган. Ошондон бери Уильям Боингдин компаниясы АКШнын гана эмес, дүйнөлүк авиациянын бирден бир лидери болуп саналат.

"Боинг" компаниясы учактардан тышкары ракета, чөлмөк, танк жана инженердик шаймандарды өндүрөт.

"Боингдин" учактары Кыргызстанда да кеңири колдонулат. “Кыргызстан”, “Авиа Траффик Компани” жана “Эйр Бишкек” авиакомпаниялары "Боинг–737" үлгүсүндөгү учактары менен Бишкектен жана Оштон жергиликтүү жана эл аралык каттамдарды аткарат. Кыргызстан да бир убакта “Ак кептер” үлгүсүндөгү учактарды чыгарган.

Уильям Боинг ардактуу эс алууга чыккандан кийин жылкы багуу менен алектенген. Боинг 74 жаш курагында 1956-жылы жүрөк оорудан каза тапкан. (BAz)

XS
SM
MD
LG