Ош шаарында калаа күнүн белгилөөгө карата даярдыктар жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты. 5-октябрга белгиленген майрамдык иш-чаралар эс алуучу коомдук жайларда жана борбордук аянтта болот. Шаар тургундарына жана конокторуна театралдык оюн-зоок кечелери, улуттук оюндар, көргөзмөлөр тартууланып, майрамдык фейерверктер атылат.
Ошто шаар күнү эки жылдан бери белгиленип келет. (SE)
Ошто шаар күнү эки жылдан бери белгиленип келет. (SE)