Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:56

Бишкекте чоң апалардын сынагы өтөт


3-октябрда Бишкекте “Кана эмесе, байбичелер!” деген аталышта сынак болот. Аны эл аралык AGnet уюму уюштурууда.

Аталган уюмдан кабарлашкандай, мамлекеттик тарых музейинде өтчү иш-чарада улгайган айымдар ыр, бий жана тамак жасоо боюнча күч сынашат. Андан сырткары, улуттук кийимдердин үлгүлөрүн көрсөтүшөт.

Сынакты өткөрүүдөгү максат – улгайган кишилерге жакшы маанай тартуулоо жана алардын талантын көрсөтүү.

Иш-чарада бишкектик байбичелерден куралган беш топ мелдешет. (SE)

XS
SM
MD
LG