Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:22

Сатыбалдиев: “Кумтөр” боюнча меморандумда кемчиликтер бар


Бул тууралуу өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн Жогорку Кеңеште кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясынын ортосундагы Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандумду талкуулаган учурда билдирди.

Сатыбалдиевдин айтымында, меморандум сүйлөшүүгө катышкан эки тарап мунасага келген вариант болду.

Мындан артык вариант биз үчүн болгон жок. 2003-жылы ким сүйлөшүү жүргүзгөн, кайсы жерде болгон, эмне маселе каралган, ким чечим чыгарган - ушундай протоколдук документтерди тапкан жокпуз. Калган бардык документтер бар”, - деди Сатыбалдиев.

Депутаттардын көбү аталган меморандумду Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербейт деп сындап жатышат. Депутат Акматбек Келдибеков меморандум юридикалык күчкө ээ эмес документ экенин айтып чыкты.

Өкмөт өткөн апта сунуштаган меморандумга ылайык, эки тарап 50 пайыздык үлүшкө ээ болгон биргелешкен ишкана түзүп, ага Кыргызстан жетекчилик кылмакчы. Учурда иштеп жаткан “Кумтөр” келишими боюнча “Центерра голд” ишканасында Кыргызстандын 33 пайызга жакын үлүшү бар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG