Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:38

Чокутаевди тааныгандар анын кылмыш кылганына ишенбейт


Грузиянын Ички иштер министрлиги издөө салган Самар Чокутаевди тааныгандар аны үлгүлүү адам катары сыпатташууда. Ал Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин 2011-жылы артыкчылык диплом менен бүтүргөн. Жапониянын JIKA эл аралык кызматташтык агенттигинин колдоосундагы Маалымат технологиялар боюнча улуттук борбордо тренер катары, “О” уюлдук операторунда иштеген.

Грузиянын Ички иштер министрлиги 24 жаштагы Кыргызстандын жараны Самар Чокубаевди “террордук акт жасоого шыктандырган маалыматты ачык тараткан” деп айыптап, ага издөө жарыялаган. Ал “Талибандын Ооганстандагы грузин аскерлерине жихады” деп аталган видеону интернетке 2013-жылдын 4-июнунда чыгарган деп шектелүүдө. Видеодо грузин аскерлери менен катар президент Михаил Саакашвилинин дарегине да коркутуу сөздөрү айтылган.

Кыргызстандын изделип жаткан жараны эмне себептен бул кадамга баргандыгы тууралуу маалымат жок. Кыргызстандагы тааныштары аны динге жакын эместигин белгилеп жатышат. (КЕ/ZB)

XS
SM
MD
LG