Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

Ысык-Көл: мугалимдер күнү белгиленди


Балыкчы шаарындагы №6 Саякбай Каралаев атындагы мектеп “Жылдын мыкты инновациялык мектеби” наамын жеңип алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди.

Ал эми Каракол шаарындагы №4 орто мектепте иштеген Нургүл Шарапова “Жылдын мугалими 2013” сынагында биринчи орунду алган.

Мугалимдердин эл аралык кесиптик майрамы кечээ облус борборунда да белгиленди. Каракол шаарындагы Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында өткөн салтанатка өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Эмил Каптагаев катышты. Иш-чарада жыл ичинде өзгөчөлөнгөн билим берүү мекемелерине жана айрым мугалимдерге Ардак грамота менен кошо акчалай сыйлык тапшырылды.

Ысык-Көл облустук билим берүү башкармалыгынын координатору Жеңиш Урумовдун маалыматында, Көл кылаасында 191 мектеп, 57 бала бакча, 1 балдар үйү, 5 ЖОЖ жана 17 кесиптик-техникалык окуу жайы бар. (МК)

XS
SM
MD
LG