Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:16

Өзгөндө 300 орундуу жаңы мектеп ачылды


Ош облусунун Өзгөн районунун Зергер айылында 300 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу облустук администрациядан кабарлашты. №29-Аалы Турабаев атындагы орто мектептин ачылыш аземи 5-октябрь күнү болду.

Жергиликтүу бийликтен кабарлашкандай, мектептин мурдагы имараты авариялык абалда богондуктан, пайдаланууга жараксыз деп табылган.

Жаңы мектеп Жогорку Кеңештин депутаты Жыргал Саматовдун демилгеси менен салына баштаган. Курулуш иштерине мамлекеттик каражаттан сырткары, Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы да көмөктөшкөн. Мектептин ачылыш аземине аталган ассамблеянын жетекчиси Саид Баюми да катышты. (AKu)

XS
SM
MD
LG