Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:09

Меморандум талкуу: Эки токтом долбоору сунушталууда


Бүгүн парламент өкмөттүн Кумтөр боюнча инвестор менен түзгөн жаңы меморандумун талкуулап жатат. Кабарчыбыздын айтымында, саат төрттөн кийинки добуш берүүгө эки токтомдун долбоору сунушталмакчы. Биринчиси - Жогорку Кеңештеги Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитети иштеп чыккан өкмөттү отставкага кетирүү чечими. Аталган комитет кечээ Кумтөр маселесинде алсыздык кылганы үчүн өкмөттү кызматтан кетирүү талабын коюу тууралуу чечим кабыл алган болчу. Ал эми экинчи токтомду оппозициядагы "Ата-Журт" фракциясы сунуштап жатат. Анын максаты - Кумтөр боюнча келишимди денонсациялоо.

Кыргыз өкмөтү канадалык инвстор "Центерра" менен меморандум кабыл алып, Кумтөрдү мындан ары иштетүү үчүн жаңы биргелешкен ишкана түзүүнү көздөп жатат. Максат - ишканадагы үлүштү 50 пайыз кылып, түшкөн кирешенин үстүнөн көзөмөлдү өз колуна алуу. Азырынча кыргыз тарап 30 гана пайыз үлүшкө ээ жана кирешеге көзөмөл укугу жок. Бирок бул меморандум Кыргызстанда толук колдоо таппай жатат. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG