Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Кумтөрдөгү экологиялык чыгым боюнча кылмыш иш иликтенүүдө


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Башкы прокурор Аида Салянова билдирди. Анын айтымында, Кумтөрдөгү экологиялык чыгымдар боюнча быйыл август айында кылмыш иш козголгон. Учурда ал иликтенип жатат. Салянова кошумчалагандай, Кумтөр кенин иштетүүгө байланыштуу 2003-жылдагы келишим боюнча 8 адамга, 2009-жылдагы келишим боюнча 3 адамга карата кылмыш иш козголду. Ал эми 1993-жылкы келишим боюнча кылмыш иштин мөөнөтү өтүп кеткендиктен мурдагы жетекчилерди жоопкерчиликке тартуу кыйын болоорун Башкы прокурор эскертти.(BkA)

XS
SM
MD
LG