Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:54

Караколдо митингдерге каршы митинг өтүүдө


Ушу тапта Каракол шаарында тынч митинг өтүп жатат. Чогулган 100дөй киши зомбулук менен коштолгон нааразылык акцияларына каршы экенин айтып чыкты. Алар колуна тынчтыкка, мыйзам чегинен чыкпаганга, сабырдуулукка үндөгөн жазууларды кармап турганын кабарчыбыз айтууда.

7-октябрда Караколдун борбордук аянтында Кумтөр боюнча чогулган митинг башаламандыкка айланып, өкмөттүн өкүлү барымтага алынган, 23 киши камалган. Бирок митингчилер Эмилбек Каптагаевди эч ким барымтага албаганын, ал бийлик тараптан жасалган провокация болгонун айтууда. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG