Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:27

Караколдо дайынсыз жоголгон киши УКМК абагында


Дайынсыз жок делип жаткан Каныбек Байгожоев 7-октябрдагы митингден кийин кармалгандар менен чогуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында болуп чыкты. Мындай маалымат Жети-Өгүздүн акими Сарууда топтолуп тургандарга Каракол митингинен кийин кармалгандардын тизмесин алып келгенден кийин айтылды. Туугандарынын айтымында, Каныбек Байгожоев митингден кийин жаракат алып, ооруканага түшкөн, андан ары УКМК кызматкерлери алып кеткен боюнча дайынсыз болуп аткан.

Бүгүн ИИМ Каракол жана Жети-Өгүздөгү митингдер учурунда кимдир бирөө дайынсыз жоголгону жөнүндө маалымат жоктугун кабарлаган. Саруу айылынын тургундары аким менен жолугушууда соңку митингдерге катышкандардын 80ге жакыны дайынсыз болуп жатат деп айтышкан.

Каракол шаарында 7-октябрда Кумтөргө байланыштуу чогулган митинг башаламандык, бийлик өкүлүн барымтага алуу менен коштолгондуктан 23 митингчи камакка алынган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG