Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:06

Таластагы митингге келгендер нааразы


Таластагы оппозициянын митингине келгендердин көбү нааразы болуп кетип жатканын жергиликтүү байкоочулар кабарлоодо. Белгиленген мезгилден бир саат кеч башталган митинг башы-аягы жарым сааттан ашкан жок. "Каршылык көрсөтүү" кыймылынын лидерлери Өмүрбек Суваналиев, Кубатбек Кожоналиев жана башкалар өкмөттү, президентти сындап сөз сүйлөдү, КСДП партиясы бийликти узурпация кылып алганын айтты. Алар ушундай эле мазмундагы резолюцияга таластыктарды кошулууга чакырды. Ал эми сөз сураган жергиликтүү тургундар ой-пикирин айта албай калды. Себеби микрофон өчүрүлүп, жолугушуу аяктаганы жарыяланды. Митингге келгендер оппозиция өкүлдөрү менен төө буурчактын баасы, кыргыз-казак чек арасындагы талаштуу жерлер, Жерүй алтын кенин иштетүү маселелерине байланыштуу кенен сүйлөшө албай калганына нааразы болду. Байкоочулардын айтымында, шаардык стадиондо чогулгандардын саны 400-500 болду, ал эми милициянын эсебинде, 250-300 киши келди. (AT/RK)

XS
SM
MD
LG