Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:37

Караколдо кармалгандардын он бири эки айга камалды


Аларды эки айга чейин УКМКнын убактылуу абагында кармоо чечимин кечээ Биринчи Май райондук соту кабыл алды. Айыпталуучулардын адвокаты Аскар Насирдиновдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, калган жетөө айыпкер катары жоопко тартууга негиз жок деген жүйө менен бошотулду.

Кечээ Бишкектеги Биринчи Май райондук соту 7-октябрдагы митингден кийин кармалган 18 кишинин баш коргоо чарасын караган.

Камакка алынгандарга “барымтага алууга катышкан, өлүм менен коркутуп опузалаган, бийлик өкүлүнө зомбулук кылган жана ээнбаштык жасаган” деген айыптар боюнча кылмыш иши козголду.

7-октябрда Караколдо митингден кийин 23 киши камакка алынып, бешөө башаламандыкка тиешеси жок деген негиз менен бошотулган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG