Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Мурдагы акыйкатчынын кеңешчилери күбөлүксүз калды


Кыргызстандын жаңы акыйкатчысы Бакытбек Аманбаев мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акундун учурунда коомдук башталышта жардамчы, кеңешчи болуп иштеп жүргөндөрдүн баарынын кызматтык күбөлүктөрүн жараксыз деп жарыялады. Мындай чечимдин кабыл алынышына алар каалаган жерине барып күбөлүгүн көрсөтүп, кыянаттык кылып жүргөнү себеп болгону, буга Батукаев окуясы да мисал боло алаары айтылды. Жаңы акыйкатчы буйрук чыгарып, баардык тиешелүү мекемелерге, Жаза аткаруу кызматына аталган жарандарды киргизбөө талабын коймокчу. Мекеменин маалымат кызматынан кабарлашкандай, коомдук кеңешчи, жардамчы жана волонтерлордун саны 300дүн тегерегинде.

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акундун "Азаттыкка" айтымында, "300дөй жардамчынын 50-60ы гана Кыргызстанда иштейт, көпчүлүгү Орусия жана Казакстанда жашаган кыргыз мигранттарынын укугун коргоп жүрөт". Аларга күбөлүктөр "Замандаш" ассоциациясы менен бирге түзүлгөн меморандумдун негизинде берилген. (RK)

XS
SM
MD
LG