Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

АКШ: Детройт шаарынын экс-мэри 28 жылга соттолду


Сот 43 жаштагы Кваме Килпатрикти коррупцияга барган деп тапты. Март айында Детройттун соту экс-мэрди пара алган, адамдарды опузалап акча өндүргөн деп айыптаган.

Сотто айыптоочу Килпатрик маянасынан башка 840 миң долларды негизсиз сарптаганын тастыктаган далилдерди көрсөттү. Бул иш акыркы жылдары муниципалдык деңгээлдеги коррупционерди эң катаал жазалоо деп сыпатталды.

2002-2008-жылдары мэрлик кылган Килпатрик сотто Детройттун элинен кечирим сурап, эч кандай акча уурдабаганын айтты.

Детройт дүйнөдөгү эң бай шаарлардын бири. Ал жакында өзүн кудуретсиз деп жарыялоону сурап, сотко кайрылды. Буга чейин ири шаарлар мындай кадамга барган эмес.

XS
SM
MD
LG