Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

Индияда катуу шамалдан 5 адам каза болду


Ушул тапта Бенгал булуңу тарапта турган циклон өлкөнүн чыгышындагы Ориссу жана Андрха-Прадеш штаттарына жылышы күтүлүүдө. Циклондун борборунда шамалдын күчү саатына 210 чакырымга жетүүдө. 500 миңден ашык адам башка жакка көчүрүлдү. Өлкөнүн чукул кырдаал боюнча адистеринин маалыматына караганда, дагы 12 миллионго жакын адам циклон багыт алган аймактарда калууда. Мындай кыйратуучу циклон өлкөдө 14 жыл мурун катталып, анын кесепетинен 10 миңдей адам каза болгон эле.

XS
SM
MD
LG