Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:32

Москванын базарларында 1200дөй мигрант камакка алынды


Москва полициясы шаардын жашылча-жемиш базарларында иштеген 1200дөй борбор азиялык жана кавказдык мигрантты камакка алды. Жекшемби күнү Москванын Бирюлево Западное районунда акыркы үч жылдагы мигранттарга каршы чоң тополоң болгон. Кагылышта 23 киши, анын ичинде сегиз полициячы жараат алган. Полиция базардагы машинелердин биринен 3 миң рублден көп акча (93 миң доллар), бычактар, бита (бекем таяк), үч ок атуучу курал табылганын билдирди. Тополоңдун чыгышына орус жигитти кавказдык өңдүү бирөө сайып кетти деген каңшаар негиз болгон.

Полициянын билдиришинче, кармалган 400дөй адамдын көбү бошотулган, а 70 адам суралып жатат. Эки адамга бейбаштык кылды деген күнөө тагылган. Таня деген москвалык: "Мени полициянын көңүлкоштугу таң калтырат. Мигранттар резина батирлерде жашайт. Бирок эч ким чара көрбөйт. Бардык мигранттар тийиштүү каттоосуз жашайт. Бирок полиция эч кандай чара көрбөйт,"- деди Ройтерс агенттгине .

XS
SM
MD
LG