Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:28

Обаманын Конгресс жетекчилиги менен жолугушуусу жылдырылды


АКШ президенти Барак Обаманын Конгресстин жетекчилиги менен жолугушуусу артка жылдырылды. Дүйшөмбүгө белгиленген жолугушууда бюджетти кабыл алуу маселелери талкууланмак.

Ак үйдүн маалымат кызматынын билдиришинче, жолугушуу Конгресс жана Сенат мүчөлөрүнүн бюджеттик маселени талкуулап, мунасага келишине кошумча убакыт берүү үчүн жылдырылды. Обама Сенат мүчөлөрүнө кайрылып, маселени тезинен талкуулоону суранды.

АКШда Конгресстеги пикир келишпестиктен улам бюджет кабыл алынбай калгандыктан октябрдын башынан бери мамлекеттик мекемелерди каржылоо токтотулган. Анын айынын мамлекеттик мекемелердин миңдеген кызматкерлери мөөнөтсүз эс алууга чыгарылган. Бул маселе ушул жумада чечилиши зарыл. Буга чейин Эл аралык Валюта фондунун башчысы Кристин Лагард АКШдагы мындай кырдаалдын дүйнөлүк экономика үчүн кесепети оор болорун эскерткен.

XS
SM
MD
LG