Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:22

АКШ: республикачылардын кризистен чыгуу планы колдоо тапкан жок


АКШ Өкүлдөр палатасындагы республикачылардын федералдык өкмөттүн кайра ишке кириши жана ыктымал дефолттун алдын алуу боюнча планы консерваторлордун колдоосун тапкан жок. Бул планды Ак үй жана Демократиялык партиянын сенаторлору дароо четке каккан. Президенттик администрациядан болсо бул планды Сенаттагы демократтар менен республикачылардын кырдаалдын чыгуу боюнча мунаса табуу аракетине каршы партизандык иш катары баалады.

АКШнын Өкүлдөр палатасындагы республикачылар буга чейин кабыл алынган саламаттык сактоо тармагын реформалоону каржылоону азайтууну талап кылып жатат.

АКШда Конгресстеги пикир келишпестиктен улам бюджет кабыл алынбай калгандыктан октябрдын башынан бери мамлекеттик мекемелерди каржылоо токтотулган. Анын айынан мамлекеттик мекемелердин миңдеген кызматкерлери мөөнөтсүз эс алууга чыгарылган. Эгер АКШда 17-октябрга чейин бюджет жактырылбаса, өкмөт карыздарын төлөй албай дефолтко учурайт.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG