Орусиядагы аймактык сот оппозициялык лидер Алексей Навальныйга буга чейин чыгарылган өкүмдү күчүндө калтырды, бирок аны шарттуу жазага алмаштырды. Ошентип, Орусияда президент Владимир Путиндин башкы сынчысына айланган Навальный беш жыл түрмөдө отурбайт.
“Кировлес” компаниясынан 500 миң доллар уурдаган деп айыпталган оппозиционер өзү ага каршы ишти “саясий максаттагы чабуул” деп атаган жана өзүн толук актоого арызын берген.
Бүгүн соттун чечиминен кийин журналисттерге сүйлөп, Навальный: “Мен да, менин кесиптештерим да өзүбүздүн саясий ишмердүүлүгүбүздөн баш тартпайбыз”, - деди.