Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:11

"Эйр Кыргызстан" пайда болду


"Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясынын Курманжан Датка атындагы Бионг 737–500 учагы, Манас эл аралык аба майданы, Бишкек, Кыргызстан, 13.06.2013
"Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясынын Курманжан Датка атындагы Бионг 737–500 учагы, Манас эл аралык аба майданы, Бишкек, Кыргызстан, 13.06.2013
Өлкөдөгү эң ири, мурда "Кыргызстан" деген аталышта белгилүү болгон авиакомпания өзүнүн жаңы "Эйр Кыргызстан" деген жаңы брендин расмий жарыялады. "Эйр Кыргызстан" кабарлагандай, авиакомпаниянын жаңы урааны – "Кыялыңдын канаты" болмокчу. Аны менен бирге, "Эйр Кыргызстан" Оштон Москвага каттамдардын санын жумасына бешке көбөйткөнүн маалымдады. Учурда авиакомпания Үрүмчү жана Ташкенттен тышкары, Орусиянын жети шаарына үч Боинг–737 үлгүсүндөгү учактар менен каттайт.

Өткөн айда "Эйр Кыргызстан" өзүнүн уставдык капиталын көбөйтүү максатында кошумча акцияларын 24-сентябрда саткан. Авиакомпаниядан маалымдашкандай, жалпы суммасы 226 миллион 927 миң сомго баалуу үлүш кагаздары эркин соода жүгүртүүгө коюлду. Кошумча эмиссиядан түшкөн каражат авиакомпаниянын 2013–2015-жылдарга өнүктүрүү планын ишке ашырууга өбөлгө түзөт.

Жаңы акциялардан түшкөн кошумча каражат авиапаркты жаңыртууга, учуу географиясын кеңейтүүгө, тейлөөнү жакшыртууга жана бир нече эл аралык аудиттен өтүүгө шарт түзөт. Андан тышкары, "Эйр Кыргызстан" дагы 150 миң сомго акция сатаарын билдирди. (BAz)

XS
SM
MD
LG