Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:40

Орусияда тез жайылып бараткан ВИЧ вирусу табылды


Новосибирск облусундагы Кольцово шаарчасындагы “Вектор” биотехнологиялык илимий борборунун шаршемби күнү билдиришинче, 02_AG/A деп аталган жана оболу 2006-жылы Новосибирскиде катталган бул вирус бүгүн облуста ВИЧти алып жүргөндөрдүн теңинен көбүнө жуккан.

Илимий борбордун ретровирустар бөлүмүнүн башчысы Наталя Гашникованын айтышынча, вирусунун бул түрү ВИЧтин Орусиядагы эң кубатуу жана чыдамкай формасы болушу ыктымал. Жаңы вирус Чеченстанда, Казакстанда жана Кыргызстанда да катталганы маалымдалды. Бирок Бишкектеги республикалык "СПИД" борборунун директору Үмүт Чокморова "Азаттык" радиосуна мындай вирус өлкөдө катталбаганын билдирди.

Илимпоздор вирустун жаңы түрүнүн өзгөчөлүгүн билүү үчүн дагы көп тийиштүү изилдөөлөрдү жүргүзүүсү зарыл.

XS
SM
MD
LG