Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:02

Пакистандын өкмөт башчысы Вашингтонго барды


Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф Кошмо Штаттардагы расмий сапарын баштады. АКШ менен Пакистан террорчулукка каршы күрөштө союздаштар, бирок ортодо алака кээде начарлап кетет. Шариф бүгүн Мамлекеттик катчы Жонн Керри менен жолугууда. Шаршембиде Ак Үйдө президент Барак Обамага кездешет.

Сүйлөшүүдө Ооганстандагы кырдаалды турукташтыруудагы Пакистандын жардамына басым жасалат. Пакистандын коопсуздук кызматтары ооган талибдери арасында таасирдүү болгондуктан, тынчтыктын келечегинде Пакситандын ролу чечүүчү мааниге ээ. Пакистандын өкмөт башчысы ошондой эле өлкөнүн Ооганстан менен чек арасына жакын аймактарда АКШнын пилотсуз учактарды колдонушу боюнча тынчсыздануусун билдирет деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG