Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:38

Кочкордо "КамАЗ"оодарылып, айдоочу мерт кетти


Бүгүн таңга жуук Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 210-чакырымында “КамАЗ” унаасы оодарылып кетип, бир адам каза тапты. Жанындагы жүргүнчү жарат алып, Кочкордогу ооруканада жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Кырсык Кочкор районунун аймагында саат 6га жакын болгон. Айдоочу рулду башкара албай, Кубакы ашуусунда оодарылып кеткен.

Министрликтин маалыматына ылайык, мерт кеткен айдоочу 1992-жылы туулган Нурбек Мухтаров экени аныкталды. Жарат алган жарандын аты-жөнү Анарбек Абылбеков, 1992-жылы туулган. Экөө тең Тогуз-Торо районунун тургундары. (SE)

XS
SM
MD
LG