Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:17

Жети-Өгүздө жөө жүрүш башталды


Ушул тапта Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын жашоочулары район борбору Кызыл-Сууга жөө баратышат. Митинг райондук администрациянын жанында уланат.

Акцияда Кумтөр боюнча меморандумду жокко чыгаруу жана 7-октябрдагы митинг учурунда камалгандарды бошотуу талабы коюлат. Бул тууралуу “Азаттыкка” айыл тургуну Замир Мендибаев билдирди. Райондун акими Дамир Моңолдоров нааразылык жүрүшүнө 800дөн ашуун адам топтолгонун кабарлады. Уюштуруучулар элдин саны миңден ашуун экенин айтууда.

7-октябрда Каракол шаарында кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясынын Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандумуна каршы уюштурулган митинг башаламандык менен аяктаган. Ал боюнча 23 адам кармалып, ону УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган. (SE)

XS
SM
MD
LG