Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:09

Орто-Токой суу сактагычын Кыргызстанга өткөрүп алуу талабы коюлду


Ала-Бука районунун тургундары Орто-Токой суу сактагычын Кыргызстанга толугу менен өткөрүп алуу боюнча өкмөткө талап койду. Алар бул сунушту бүгүн вице-премьер-министр Токон Мамытов менен жолугушууда айтышты.

Совет доорунда курулган Орто-Токой суу сактагычын ошол мезгилден тарта Өзбекстан пайдаланып келет. Ал чек арадан 13 чакырым ичкериде - Кыргызстандын аймагында жайгашкан. Жергиликтүү эл суу сактагычты Өзбекстан мыйзамсыз жана акысыз пайдаланат, деп эсептешет.

Вице-премьер-министр бул сунушту Өзбекстандын тиешелүү органдары менен чек ара маселелери боюнча жолукканда айтууга убада берди.

Токон Мамытов эки күндөн бери Ала-Бука, Чаткал райондорунда эле менен жолугушуп жүрөт. (ZB)

XS
SM
MD
LG