Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

Волгограддагы жардырууну иликтөө уланууда


Орусиянын Волгоград шаарындагы жанкечтинин кандуу чабуулун иликтөө уланууда.

21-октябрда автобустагы алты кишинин өмүрүн алган жардырууну дагестандык Наида Асиялова уюштурду деп шектелип жатканын Орусиянын тергөө комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Дагестанда Гуниб райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Житинаваз Магомадов Наида Асиялова мектепте абдан жакшы окуганын билдирди.

Ал эми район тургуну Асиялованын туугандарын коопсуздук кызматкерлери алып кеткендигин бышыктады:

– Үйүн тинтишти. Наида ал жерде жети жылдан бери жашаган эмес, анан албетте эч нерсе табышкан жок. Эже-сиңдилерин, энесин алып кетишти. Өлүктү таанысын дешкен го. Наида террористтерге кошулуп кетиптир деп жүрүшкөн, бирок анык-чынын билген киши жок.

Волгограддагы жардырууда алты киши, көбүнесе өспүрүм улан-кыздар набыт кетти. Ондогон адам оор абалда ооруканада кала берүүдө.

XS
SM
MD
LG